Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Элдик ыңкылапты коргоо кыймылынын Таластагы бөлүмү Аскар Акаевдин жакындарына байланыштуу дагы бир мыйзам бузуу фактысын таап чыкты


ТАЛАС. Таластагы пиво заводу облустук керек-жарак союзунун балансында туруп, рынок шартына туруштук берип иштей албагандыктан иши токтоп калган. Ушундан пайдаланган керек-жарак союзунун мурдагы жетекчилиги эч жерде катталбаган “Акчий” деген кооперативге 2 млн. 900 миң сомго пиво заводунун имаратын ичиндеги жабдуулар менен кошо кайтарымсыз берип жиберген. Акаевдин жакындарынын колуна тийген заводду мамлекеттик мүлк фондусу аркылуу банкрот деп жарыялап туруп, ички жабдууларды текейден арзанга баалап, анын акчасын да мамлекетке төгүлдү деп документ тууралашат. Учурда заводдун ушундай жол менен менчиктештирилишин элдик революцияны коргоо кыймылынын Талас облустук бөлүмү иликтеп, прокуратура органдарынын кийлигишүүсүн күтүүдө. Бул тууралуу кыймылдын облустагы бөлүмүнөн 18-октябрь күнү маалымдашты.

XS
SM
MD
LG