Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Эки округда талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады


БИШКЕК. 17-октябрдын кечинде Жалалабат облусундагы Аксы жана Бишкектеги Түндүк окуругдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Аксы округунан шайлоого Азимбек Бекназаров жана Досаалы Иманбердиев, ал эми Түндүк округунан 9 талапкер: Роза Отунбаева, Николай Танаев, Нариман Тулеев, Талгарбек Момуналиев, Бакыт Керимкулов, Канат Садыков, Рустам Карагулов, Жаныш Кудайбергенов жана Мухутдин Рустембеков көрсөтүлдү. Талапкерлердин баары өзүн өзү көрсөтүштү. Бул тууралуу 18-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Аталган окуругдардан депутаттыкка талапкерлерди каттоо 1-ноябрда аяктайт. Аксы жана Түндүк округунда парламенттик шайлоо 27-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG