Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Ачкачылыкта отурган Досумбай Дүйшалиевдин саламаттыгы начарлоодо


БИШКЕК. 19-сентябрдан тарта оозун жип менен тигип алып ачкачылыкта отурган Ысыккөл облусундагы «Ынтымак» кооперативинин мурдагы жетекчиси Досумбай Дүйшалиевдин саламаттыгы кескин начарлады. Бул тууралуу 18-октябрда анын адвокаты Токторбек Ашыркул уулу «Азаттыкка» билдирди. Балыкчы шаардык соту адилетсиз чечими менен узак мөөнөткө кескен деп ачкалык жарыялаган Досумбай Дүйшалиев учурда Бишкектеги № 47-түзөтүү колониясындагы ооруканада. Буга чейин ал Каракол шаарынын тергөө абагында отурган. Досумбай Дүйшалиев Ысыккөлдөгү Чоңсарыой айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Ынтымак» коопертивин жетектеп турган мезгилде кооперативге караштуу 10 млн.дон ашуун акча каражатын өз кызыкчылыгына пайдаланган деген күнөө менен 15 жылга эркинен ажыратылган. 18-октябрда Досумбай Дүйшалиев президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоп, адилет сот чечимин чыгарууга көмөктөшүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG