Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:27

Аба ырайы


БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 20-октябрда Кыргызстанда аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Айрым аймактарда абанын жылуулугу 27 градуска жетет. Мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25 градус жылуу. Талас дубанында түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска жылуу, күндүз +21…+26 градус. Жалалабат, Ош жана Чүй аймактарында түнкүсүн +3…+8, ал эми күндүз +22ден…+27 градуска жылыйт. Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн 0…+5 градус жылуу, айрым жерлерде 0 градустан -3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт, ал эми күндүз +11…+16 градус жылуу болушу күтүлөт. Нарында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +13…+18 градус жылуу.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн +4…+6, күндүз +24…+26 градус.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG