Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Акыйкатчы өзбекстандык төрт атуулдун үчүнчү өлкөгө берилүүсүн жактайт


БИШКЕК. Кыргызстандын акыйкатчысы Анжиян окуясында ооп келип, үчүнчү өлкөгө которулган өзбекстандыктардан калган төртөөнүн дагы үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилишин жактайт. Шаршембиде акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу ушундай пикирин билдирди. Өзбекстанда кылмыш жасагандыгынан шектелген бул төрт атуулга байланышкан сот иши учурда Бишкек райондор аралык сотунда териштирилип жатат. «Адилет» бейөкмөт уюму Миграция департаментинин бүтүмүнө каршылык билдирип, сотко кайрылган. Департамент күч структуралары менен бирге Өзбекстан башкы прокуратурасынын далилдерин текшерип чыгып, аталган атуулдарга качкын макамын ыйгарууга болбойт, деп чечкен. Буга чейин Анжиян окуясында Кыргызстанга ооп келген 500 чамалаш атуулдун 439у Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар комиссарлыгынын көмөгү менен үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG