Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Пакистандын элчиси Кыргызстандын калкына кайрылды


БИШКЕК. 8-9-октябрда Пакистанда болгон зилзаладан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүнү өтүнүп, 19-октябрда Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мохаммед Аллам Брохи маалымат жыйынында Кыргызстан калкына кайрылды. Анын айтымында, жер титирөөдөн курман болгондордун саны күн санап өсүүдө.

- Чет элдик массалык маалымат каражаттарына таянсак, жер титирөөдөн 50 миң адам набыт болду. 70 миңден ашууну жаракат алды. 3 млн. адам үй жайсыз калды.

Элчи ошондой эле Пакистанда нөшөрлөп жааган жамгыр 4 күндөн бери карга айланып, миллиондогон адамдар суукка кайыгып, жаш балдардын өмүрүнө коркунуч туулгандыгын билдирди.

Учурда Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоцациясы менен Евразия демилгеси эл аралык кору Пакистан элине жардам берүү борборун түзүп, гуманитардык жардам иретинде каражат, жылуу кийим, буюмдарды чогултууда. Буга чейин Пакистанга Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлиги тарабынан чатыр, тамак-аш, дары-дармек жеткирилген.

XS
SM
MD
LG