БИШКЕК. Өлүм жазасын алып салуу боюнча мурдакы бийликке жана азыркы бийликке бир нече ирет кайрылгандыгын, бул боюнча мыйзам долбоору өкмөт тарбынан даярдалып, жакынкы күндөрү юстиция министрлиги аны Жогорку Кеңешке сунуштаарын Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу 19-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, абакта учурда өлүм жазасына тартылган 160дан ашуун атуул камакта. Алардын абалы оор. 1998-жылы өлүм жазасын алып салуу боюнча мораторий жарыяланып, экс-президент Аскар Акаев ушул жылдын 30-июлунда бул жазаны алып салууну убада кылган.