Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Кытайдын куралдануусу АКШны чочутууда


Кошмо Штаттардын коргоо министри Доналд Рамсфелд бүгүн Бээжинде кытайлык өнөктөшү Цао Ганчуан менен эки өлкө ортосундагы аскерий алыш-беришти көбөйтүү жолдорун сүйлөштү.

Рамсфелд кездешүүдөн мурда Кытайдын аскерий кубаты жашыруун жана ылдам өсүп баратканына тынсыздануусун билдирди:


- Кытайдын (аскерий) кубатынын өсүүсү башка мамлекеттерде Кытайдын көздөгөн максаты тууралуу суроо туудурат жана ага өз жүрүм-турумун ылайыктоого мажбурлайт. Бул иштин өтө тез жана биздин баамыбызча, жашыруун жүргүзүлгөнү ар кандай күдүк ойлорду пайда кылат.

Цао өлкөнүн аскерий күчтөрү анын кубатын арттыруу максатында каржыланып жатат деген кепти жөнсүз деп четке какты. Рамсфелд сапар учурунда биринчи жолу Кытайдын стратегиялык ракета күчтөрүнүн башкы штабына визит жасады.

XS
SM
MD
LG