Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Пакистан: Зилзалада 48 миң чукул адам набыт болгону кабарланды


Пакистан 8-октябрда өлкөнүн түндүгүндөгү тоолуу аймактарда болгон жер титирөөдө ажал алган адамдардын саны мурда маалымдалгандан 6 миңге көп экенин билдирди. Атайын комиссар Фарук Ахмед Хандын бүгүн маалымдашынча, зилзалада 48 миңге жакын адам набыт болгон, жарадар болгон адамдардын саны 67 миңге жетет. Пакистанда бүгүн эки ирет жер солкулдады.

Бүгүн Кашмирдин Индия контролдогон бөлүгүнүн тургундары акыркы 15 жылда биринчи жолу аймактын Пакистан тарабына телефон чалышты. Биринчи телефон чалган адам каршы тарапта жашаган туугандарынын жер тербетүүдөн кийинки ал-ахывалын билгиси келген Шринагар шаарынын тургуну болду. 1990-жылы ислам козголоңчулары Кашмир штаты Пакистандын курамында болушу керек деп чыгышкандан кийин Индия аймак менен телефон байланышын үзүп койгон эле.

XS
SM
MD
LG