Куба, Мексика, АКШ жана Кариб деңизинин алабындагы өлкөлөрдө он миңдеген адамдар жакындап келаткан “Вильма” ураганынан сактануу максатында башка жактарга жер оодарып кетип жатышат. Адистер “Вильма” бороон-чапкыны саатына 260-280 чакырымды багындырган куюндун эң күчтүү түрү экенин айтышууда. Ал болжол менен АКШнын Флорида штатын, Мексика, Куба тарапты көздөй каптап келатканы болжолдонууда.