Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Украина куш тумоосунан коргонуп атат


Украинада куштар тумоосунан коргонуу боюнча чукул чаралар көрүлүүдө. Коңшулаш Румынияда дагы башка канаттуулардан кооптуу вирус табылганы кабарланды. Орусиянын айыл чарба министрлиги куштар тумоосу Уран тоолоруна танапташ Тула чөлкөмүндө катталганын билдирди. Германия өкмөтү фермерлерге канаттууларды жабык мейкиндикте кармоого көрсөтмө берди. Ал тапта Венгриянын саламаттыкты сактоо министрлиги адамдар менен канаттууларды кооптуу вирусту жуктуруудан коргой турган дары даярдап жатканын билдирди. Кытайдын бийликтери эки айдан бери өлкөдө алгачкы ирет куштар тумоосу катталганын жарыялашты.

XS
SM
MD
LG