Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Жалалабатта эмгек мигранттарынын абалы талкууланды


ЖАЛАЛАБАТ. Жыйында эмгек мигранттарынын укугун коргоо жана алардын абалын жакшыртуу боюнча улуттук программа түзүүнүн маселеси талкууланды. Орусиянын 15 шаарындагы кыргызстандык мигранттардын жашоо турмушу менен таанышып келген “Шаркет” аттуу коалициянын төрайымы Бүбүайша Арстанбекова алардын жетишкендиктери менен көйгөйлөрүнө токтолду. Ал айткандай, Орусияда 500 миңге, Казакстанда 250 миңге чейин кыргызстандык иштеп, жылына 2 млн. доллар эмгек акы табышат. Жашоо шартынын оордугу, иштин жана зомбулуктун айынан баткендик 72 адам Орусиядан өлүп келген. Чет жерде каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү өтө түйшүктү болууда. Талкуу соңунда төрт бөлүмдөн турган резолюция кабыл алынды. Анда өлкөнүн экономикалык реформасы ички, тышкы миграцияны күчөткөнү, миграциянын айынан демографиялык теңчилик бузулуп, адам укугу сакталбагандыгы жана мыйзам акыларынын чийкилиги белгиленди.

XS
SM
MD
LG