Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Казакстан күйүүчү майга бажы төлөмдөрүн киргизди


БИШКЕК. Казакстандын өкмөтү 15-октябрдан баштап мунай заттарга бажы төлөмдөрүн киргизди. Казакстандын өнөр жай жана соода министрлиги бул кадамды ички рынокто бааны турукташтыруу жана экспортту кыскартуу аракети катары түшүндүрдү. 14-октябрда премьер-министр Феликс Кулов менен Казакстандын өкмөт башчысы Даниал Ахметов Астанада жолукканда казак тарап бензин жана дизелдик майларды Кыргызстанга койо берүүгө макул болгон. Нефтетрейдерлдер ассоцициясынын президенти Базарбай Мамбетовдун пикиринде, бажы төлөмдөрүнүн кирзилиши Кыргызстанда бензин жана дизелдик майлардын кымбатташына алып келиши ыктымал. Ал билдиргенге караганда, азырынча Казакстандан күйүүчү, майлоочу майлар келе элек.

XS
SM
MD
LG