БИШКЕК. Италиянын Венеция шаарында “Укуктар аркылуу демократия үчүн” Европа комиссиясынын жыйыны башталды. Ага Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, юстиция министри Марат Кайыпов катышууда. Бул жыйында 24-марттагы ыңкылаптан кийинки Кыргызстандагы конституциялык реформа жөнүндө да сөз болот. Ушул жылдын июнь айында Европа Комиссиясынын катчысынын орун басары Томас Маркерт мырза келип, Кыргызстандагы Конституциянын жаңы долбоорун Европа Комиссиясы экспертизадан өткөрүп берүүгө даяр деп билдирген. Бирок ал үчүн Жогорку Кеңеш ырасмий кайрылыш керек. Эл аралык коомчулукта Венеция комиссиясы деген ат менен белгилүү бул уюм конституциялык укуктарды иликтөөдөгү эң абройлуу уюм болуп саналат.