Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Бейөкмөт уюм өзбек президентине кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюму Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго ачык кат жолдоду. Анда май айындагы Анжиян окуясында чыныгы кырдаалды ачык айтып турган журналисттер жана укук коргоочуларды кылмыш жообуна тартуу аракети, айрымдары өлүм жазасына тартылуу коркунучу бар экендиги айтылган. Бул кайрылууда камакта жаткан 20га чукул өзбекстандык адамдын аты-жөнү жазылган. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова бул кайрылууда өзбек бийлигинен камакта жаткандардын коопсуздугунунун кепилдигин жана бардык укук коргоочуларды, журналисттерди жана башка саясий ишмерлерди бошотууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG