Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Өзбек укук коргоочуларын колдогон пикет өттү


БИШКЕК. 20-октябрда Бишкектеги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында өлкөдөгү бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү нааразылык акциясын өткөрүшүп, өзбек бийликтеринен укук коргоочулар менен эркин журналисттерди куугунуктоону токтотууну талап кылышты. Нааразылыкка чыккандар «Өзбекстандын укук коргоочуларын куугунтуктоо токтотулсун!», «Мутабор Тожибаевага боштондук!» деген сыяктуу ураандар жазылган плакаттарды кармап турушту. Алардын айтымында, Өзбекстанда 13-майдагы Анжиян окуясынан кийин укук коргоочуларды жана эркин журналисттерди куугунтуктоо кескин күчөдү. Бүгүнкү күндө ондогон укук коргоочулар менен журналисттер бейкүнөө камакка алынган. Бул иш чара учурунда өзбек элчилигинен пикетчилер менен жолугушканы бир да расмий өкүл чыккан жок. Нааразылык чаранын катышуучулары акырында өзбек бийликтерине кайрылуу кабыл алышып, аны элчиликке тапшырышты. Нааразылык акцияга учурда Бишкекте башпанеек издеп жүргөн өзбекстандык эркин журналисттер да катышты.

XS
SM
MD
LG