Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Абактагы абал менен таанышууга барган депутат атып өлтүрүлдү


БИШКЕК. Молдовановка айылындагы 31 колонияда 20-октябрда болгон атышууда Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев каза тапты. Аны менен кошо колонияга барган Жазаны өтөө башкармалыгыгын башчысы полковник Икматулла Парпиев оор акыбалда ооруканага жеткирилди. Редакцияга түшкөн такталбаган маалыматка караганда, бул атышууда дагы үч адам каза тапты. Окуя болгон жерге барган журналисттер азырынча колонияга кире албай жана маалымат ала албай турушат. Колонияга премьер-министр Феликс Кулов, баш прокурор милдетин аткаруучу Камбараалы Конгантиев жана ички иштер минитсри Мурат Суталинов барышты. “Кабар” агенттиги тараткан маалыматка караганда, депутат Тынычбек Акматбаевге беш жерине ок тийген.

Жогорку Кеңештин депутаты катары Тынычбек Акматбаев 20-октябрда түшкө чейин Новопокровка айылындагы түрмөдө абал менен таанышып, андан кийин Молдовановка колониясына барган.

XS
SM
MD
LG