Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

НАТО Пакистанга жардам берүү маселесин карайт


НАТО бүгүнкү жыйынында катуу жер титирөөөдөн жапа чеккен жүз миңдеген пакистандыктарга жардам көрсөтүү чараларын талкуулайт. Брюсселдеги жыйында Улуттар уюмунун өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору НАТОго мүчө 26 өлкөгө Пакистанга токтоосуз жардам көрсөтүүгө үндөп кайрылаары күтүлүүдө. Кабарларга караганда, НАТО зилзаладан кыйрап-бүлүнгөн Кашмир чөлкөмүнө тикучмалар, догдурлар, жолдорду тазалап, калыбына келтирүү иштерин тейлей турган аскердик инженерлер менен жабдыктарды жөнөтүүнү караштырат. Пакистанда жаратылыш кырсыгы жана анын кесепеттеринен жабыр тарткан адамдардын саны күндөн күнгө көбөйүп, ушу тапта курман болгондордун саны 50 миң кишиге чукулдады.

XS
SM
MD
LG