“Евробиримдиктин жаныбарлар саламаттыгы боюнча комитети бүгүндөн тарта Орусиянын Калининград, Санкт-Петербург, Карелия, Мурманск чөлкөмдөрүнөн башка аймактарынын канаттуулардын этин жана канаттарын импорттоого тыюу салды”, - деп билдирди Евросоюздун саламаттык боюнча комиссарынын басма сөз өкүлү Хансен айым. Украина коңшулаш Орусия менен Румыниядан канаттуулар этин алып келүүгө тыюу салды. Таиланддын бийликтери куштар тумоосун жуктурган дагы бир адам каза тапканын, ушуну менен өлкөдө кооптуу вирустан 13 киши көз жумганын жар салышты.