Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:54

Аксы округунда депутаттыкка эки талапкер катталды


БИШКЕК. Жалалабат областындагы Аксы округдук шайлоо комиссиясы 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына Азимбек Бекназаров жана Досаалы Иманбердиевди талапкер катары каттоодон өткөрдү. Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык, Аксы шайлоо округу боюча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрда соңуна чыкты. Ал эми талапкерлерди катоо 1-ноябрда аяктайт. Аксы жана Түндүк шайлоо округу боюча шайлоо 27-нобярда өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG