Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Жаза өтөө жайларына күчөтүлгөн эреже киргизилди


БИШКЕК. Кыргызстандагы жаза өтөө жайларында сакчылар күзөт кызматын түрмөлөрдүн ичинде эмес, сыртында аткарышууда. Жазаны аткаруу башкармалыгынын жетекчилиги мындай чечимди кызматкерлердин коопсуздугун сактоо максатында кабыл алды. Бул тууралуу 21-октябрда аталган башкармалыктын кызматкери Сергей Сидоров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, учурда бардык жаза өтөө жайларындагы күзөт күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү жана азырынча мындай ыкмада иштөө эрежеси канча убакытка созулаары белгисиз. Ал эми Молдовановка айылындагы № 31-жаза өтөө жайындагы абал турукташты. Бул күнү «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү Молдовановкада жайгашкан жаза өтөө жайларына алардагы кырдаалга байкоо жүргүзүү максатында барышып, бирок сырттан эле кайтышты. Уюмдун төрайымы Төлөйкан Исамилованын пикиринде, Кыргызстандагы жаза өтөө жайларындагы абал системалык кризиске учуроодо.

XS
SM
MD
LG