БИШКЕК. Депутат Тынычбек Акматбаев жана эки адамдын өлүмү боюнча өкмөт башчы Феликс Кулов менен жаза өтөө башкармалыгынын берген маалыматы түрдүүчө болууда. Феликс Куловдун маалыматына караганда, депутатты атып өлтүргөн адамдын жүрүм-турумунда шек бар жана аны атайын психикалык жактан текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Ошондой эле Феликс Кулов депутаттын өлүмүн саясий тапшырма же алдын ала даярдалган деп айтууга болбостугун белгилеп, депутат Тынычбек Акматбаев баштаган топтун түрмөгө куралдуу киришин одоно мыйзам бузуучулук деп баалады. Ушул эле жыйында өкмөт башчы Феликс Куловдун жогорудагыдай пикирине Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Шерниязов макул эместигин билдирди:
- Мээси иштебеген, акылы жок адамдар түрмөдө отурбайт. Алардын орду башка жакта болуш керек.
Болот Шерниязов депутаттын өлүмү кылмышкерлердин авторитети, чечен улутундагы Азиз Батухаев менен Тынычбек Акматбаевдин иниси Рысбек Акматбаевдин өз ара тирешүүсүнүн жыйынтыгы деген оюн кошумчалады. Ушундай эле пикирди ушул эле күнү өлкөдөгү бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү айтышты.
Түрмөдө болгон кагылышуудан кийин кылмышкерлер ал жерге өкмөт башчы Феликс Куловдун келүүсүн талап кылышкан. Өкмөт башчы алар менен жолугушуп сүйлөшкөндөн кийин гана кылмышкерлер үч атуулдун сөөгүн чыгарып беришкен.