Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

УУРДАЛГАН АЛТЫН, КГБ ЖАНА АКАЕВ, ТИЛ КӨЙГӨЙҮ


А. Акаевдин тушунда Кыргызстандан Швейцарияга ташылып кеткен 1,5 тоннадан ашуун алтындын дайыны кайда? А. Акаевдин бийликке келишине коопсуздук кызматы кандай көмөк көрсөткөн? Эмне үчүн кыргыздар өз эне тилинин кадырына жете албай келатышат?

«Азыр эне тилде таза сүйлөгөн кыргызды таппайсың. Эл кайсыл сөз кыргыздыкы, кайсыл сөз орустуку (түштүктө кайсыл сөз өзбектики) экендигин айралбай калышты. Жада калса Мамкомиссия которду эсептелип чыгарган сөздүктөрдүн кеминде 40 пайызы орусча ормоюп, бөлөк короого кирген эчкидей үрпөйүп турушат», дейт жазуучу Асылбек Смайыл. Анын «Тыныстановдун башын кесип тынышкан» деген аталыштагы маеги жума күнкү «Агым» гезитинде чыкты.

Ушул эле басылмада Айдарбек Жоробеков президенттин калк алдындагы кадыр-баркын кантип көтөрүү, анын жасаган-эткенин эл алдында кечиктирбей көрсөтүп туруунун зарылдыгы тууралуу ой жүгүртүүсү жарыяланган. «Курманбек Бакиевдин колхоздун бригадиринен бетер министрди «мени карап, мени гана угуп отур» деген көпчүлүк алдындагы эскертүүсү ачуулангандан башка эч нерсе жараткан жок», деп белгилейт макала автору.

«Агым» гезитинин жума күнкү санында укук коргоочу Турсунбек Акундун «Топчуке К. Бакиевдин кызматына коркунуч туудура баштады» деген аталышта маегине да орун берилген. Анда президенттин жанынан чыккысы келбеген айрым саясий партия жетекчилери К. Бакиев өкмөттү да башкарышы керек деп, шайлоо алдында түзүлгөн мунасаны жокко чыгаруу далбасасына киришкени маалымдалган.

«Бизде экономика менен мамлекеттик башкаруу системасы – бийлик системасынын эки ача болуп, президенттик администрация тарабынан жана аткаруу бийлиги тарабынан башкарылып жаткандыктан аксап атат. Мындай эки ача жол менен өнүгө албайбыз. Экономикада да жылыш болбойт», дейт парламент депутаты Кубатбек Байболов жума күнкү «Аалам» гезитинде жарыяланган маегинде. Депутат менен болгон аңгеме-дүкөн «Кол тийбестикти алып салса жер тегеренип кетпейт, бирок…» деген аталышта жарык көргөн.

А. Акаевдин заманында Конституция төрт ирет өзгөртүлгөн, бул жолкусу чыныгы реформа болот, деп ырастайт Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев. Спикердин сөзү жума күнкү «Кыргыз туусу», бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезиттеринде жарыяланды. Конституцияны жаңылоого шашылбоо керек, бирок кечигип калган деле жаман, дейт журналист К. Канаев «Кыргыз туусундагы» макаласында.

Элдик нааразылыктын күчүнө туруштук бере албаган А. Акаевдин бийлиги кулап, ордуна жаңысы келгени менен көпчүлүк күткөн ишеним актала элек. Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев жума күнкү «Кыргыз руху» гезитиндеги маегинде: «Жеке менин пикиримде, революция жемишин бере элек. Бере аларына да көзүм жетпейт. Анткени аны айтууга да азыр эрте», дейт.

Революциянын жемишин парламент гана көрүп жатат. Тууганына кызмат тийбей калса эле оппозицияга өтүүдө. «Мына сага, демократия! Жетишкен экенбиз демократияга», деп сыр бөлүшөт 21-октябрдагы «Жаңы ордо» гезитинде «Айкөл Манас» партиясынын жетекчиси Шермамат Осмонов.

Аскар Акаевдин бийликке келишине Кыргызстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчиси Ж. Асанкуловдун эмгеги чоң экендиги А. Орозовдун «КГБ жана А. Акаев» деген макаласында баяндалган. Макала жума күнкү «Жаңы ордо» гезитинде жарыяланды.

А. Акаевдин тушунда Швейцарияга ташылып, дайынсыз жок болгон 1 тонна 636 кило алтынды сураштырып иликтөө демилгесин көтөрүп чыккандардын бири Орозбек Дүйшеевдин ырасташынча, бул 23 миллион долларлык акча. «Эң негизгиси бийлик башындагылар эртеби-кечпи элдин энчисине кол салган ачкөздүгү үчүн жооп беришин унутпашы керек», дейт Орозбек Дүйшеев 21-октябрдагы «Бишкек таймс» гезитине чыккан маегинде.

Алтын демекчи, жума күнкү «МСН» гезитинде Лариса Линин «Өзүбүз алтындын үстүндө олтуруп эмнеге акча сурайбыз?» аттуу макаласында тоокен байлыгы жетиштүү өлкөнүн кедейликтен башы көтөрүлө албай келатышынын чоо-жайы иликтенген. Ушул эле гезитте Кыргызстандын коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязов коом эркин болушу үчүн бийлик сак турушу керектиги тууралуу ой жүгүртөт.
XS
SM
MD
LG