Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Нарында кыргыз-жапон борборунун маданият фестивалы өттү


НАРЫН. 22-октябрда Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлашов атындагы орто мектепте болуп өткөн Жапон маданият фестивалында жапандардын улуттук музыкалык аспаптары, кийимдери, оюндары, кат жазуу, кагаз оюнчук даярдоо өнөрлөрү көргөзүлдү. Кыргыз-жапон борборунун жапон тили боюнча экспертинин жардамчысы Сейтек Качкынбайдын айтуусунда, Нарын облусунда жапониялык 5 волонтер иштеп жатат. Алардын экөө Кочкор районунда эмгектенишсе, бирден өкүл Нарын, Атбашы райондорунда жана Нарын шаарында бар. Натыйжада жапон тилине жана маданиятына кызыккандардын саны көбөйүүдө. Ушундан улам күн чыгыш өлкөсүнүн тайко, иго, оригами, юката жана башка аталыштагы улуттук маданият үлгүлөрүн жер-жерлерде жакындан тааныштыруу фестивалдын башкы максаты болууда.

XS
SM
MD
LG