Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Венеция Комиссиясынын корутундусун президенттин өкүлү колдобойт


БИШКЕК. Европа Кеңешинин Венеция Комиссиясынын сессиясынын Кыргызстандын баш мыйзамынын долбооруна байланышкан тыянагын толук колдобой тургандыгын юстиция министри Марат Кайыпов Венециядан телефон аркылуу 22-октябрда билдирди. Анын себебин юстиция министри төмөнкүдөй чечмеледи:

- Парламенттик республикага эртең эле өтүп кете тургандай корутунду жазып беришкен. Чылк эле азыркы тажрыйбасы көп парламенттик мамлекеттердин Конституциясындай кылып жазган. Мындайча айтканда, президентти чийип, жок кылып койсок да болот, булардын корутундусун кабыл алгандан кийин. Бийлик толугу менен парламентке өтчүдөй болуп атат.

Марат Кайыповдун билдиргенине караганда, мыйзам боюнча Венеция Комиссиясы долбоорду мамлекеттин атынан президент кайрылган шартта гана карап, өз корутундусун бере алат. Белгилеп койчу жагы бул күнкү отурумда Венеция комиссиясы Жогорку Кеңештин спикери, Конституциялык кеңешменин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев сунуштаган долбоордун негизинде өз тыянагын чыгармакчы. Учурда Европа Кеңешинин Венеция Комиссиясынын сессиясынын Италиянын Венеция шаарында өтүп жаткан кезектеги отурумуна Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, юстиция министри Марат Кайыпов, президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев катышып жатышат.

XS
SM
MD
LG