Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Акматбек Келдибеков: Өкмөт толук курамында бийликтен кетиши керек


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибаевдин пикиринде, Өкмөт толук курамында бийликтен кетиши керек. Муну депутат кесиптеши Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу уюштурулган акциянын жүрүшү менен байланыштырып, өткөн жарым жыл ичинде өкмөт элдин ишеничин актаган жок, деп билдирди. Депутаттын айтымында, бул маселе парламенттин дүйшөмбүдө өтө турган отурумунда көтөрүлөт. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин төрага орун басары Эркинбек Алымбековдун айтымында, дүйшөмбүдө расмий ишке кире турган парламент өлкөдөгү кырдаалды талкуулоодо ириде стабилдүүлүктү башкы кызыкчылык катары карайт. Ал эми Бишкекте жана ага жакын аймактардагы округдарда иштеп жүргөн депутаттар жекшембиде чогулуп, кырдаалды талкуулашат.

XS
SM
MD
LG