Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Кызматтан кетүү сунуш кылынса Феликс Кулов каршы болбойт


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн жагдайды көзөмөлдөөнү президент өз колуна алды, деп билдирди премьер министр Феликс Кулов 22-октябрда өкмөт үйүндө уюштурган маалымат жыйынында. Аянтка чыккандардын талаптары мыйзам чегинде чечилиши керек деп санаган Феликс Куловдун пикиринде:

- Эгер президент, парламент тарабынан менин кызматтан кетишим мыйзамдуу негизделсе, мен тараптан каршылык болбойт.

Кулов ошондой эле «авторитет» саналган, учурда 31-түрмөдө отурган Азиз Батукаев менен эч кандай байланышы жоктугун билдирип, муну өзүнүн түрмөдө саясий туткун катары отургандыгы менен байланыштырды. Анын айтымында, Батукаевди биринчи ирет барымтага байланыштуу түрмөгө барганда көргөн. Ал эми Рысбек Акматбаев инисин Кулов Батукаевге өлтүрткөн деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG