Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Маркум Акматбаевдин туугандары Феликс Куловдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Тынычбек Акматбаевдин 300-400 чамалаш тарапкери 22-октябрда Бишкек шаарынын «Алатоо» аянтына нааразылык билдирип чыгышты жана премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылган чакырыктарды кармап турушту. Боз үй тигилип, суусундуктар менен жабдуу болду. Акцияга чыккандардын катарында маркум депутаттын агасы Рысбек Акматбаев баштаган туугандары жана санаалаштары, спортчулар, депутаттын шайлоочулары бар.

Рысбек Акматбаев журналисттердин суроолоруна берген жоопторунда депутаттын өлүмүнө күнөөлүүлөр катары Феликс Куловдон тышкары дагы эки адамда атады:

- Феликстен башка күнөөлүү адамдар: Текебаев – спикер, ички иштер министринин орун басары Алымбай Султанов

Феликс Кулов түштөн кийин уюштурган маалымат жыйынында өзүнө байланышкан дооматты төгүнгө чыгарып, нааразылык акцияны саясий кызыкчылыктар менен байланыштырды. Депутат Акматбаев 20-октябрда Молдовановкадагы 31-түрмөдө абактагылар тарабынан атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG