Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Депутат Акматбаевдин өлүмүнө байланышкан кырдаал президенттин көзөмөлүндө


БИШКЕК. Ишемби күнү президент Курманбек Бакиев күч структураларынын жетекчилери менен өлкөдөгү кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу ишембиде президенттин маалымат кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев маалымдады. Анын айтымында, Курманбек Бакиевдин Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча толук маалыматы бар.

- Кеңешмеде мамлекет башчы тартип коргоо жетекчилерине коомдук тартипти камсыз кылууну катуу табыштады. Президенттин башкы талабы – мыйзам жана тартип.

Президент буга чейин №31-түрмөдөгү киши өлтүрүүлөргө байланыштуу ишти терең иликтөөнү 20-октябрдагы окуядан кийин дароо табыштаган.

XS
SM
MD
LG