Италия полициясы кечээ күнү тараткан маалыматка караганда, акыркы күндөрдө өлкөдө жана Европа мамлекеттеринде алтымышка жакын мафия мүчөсү кармалып, камакка алынды. Алардын көпчүлүгү баңги заттарын таратып саткан деп күнөөлөнүүдө. Италиядан тышкары, аресттер Испания, Франция, Белгия, Нидерланд жана Сербия менен Монтенегродо жүргүзүлгөн. Антимафиялык прокурордун айтымында болсо, Сицилияда төрт жылдан бери жашынган белгилүү мафиози Бернардо Провенцанону полиция өзү коргогондуктан, ал карматпай жүрөт.