Араб Лигасынын баш катчысы Амр Муса бүгүн Иракта өлкөнүн шийи мусулмандарынын руханий жетекчиси аятолла Али ал-Систани менен жолугуп, өлкөнүн улуттук жана диний азчылыктары ортосунда келишүүлүк аракеттерин көрүү маселелерин талкуулады. Амр Муса Иракка 20-октябрда келген жана үч күн ичинде өлкөнүн башка жетекчилери менен дагы жолуккан, жылдын аягына чейин болсо ал Каир шаарында бул маселе боюнча ири дүйнөлүк конференция уюштурууга даярданууда.