Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:24

Азербайжанда полиция митингге чогулган адамдарды кубалап таратты


Азербайжандын полициясы оппозициянын Бакыда санкцияланбаган митинг өткөрүү аракеттерине бөгөт койуп, ондогон адамдарды камакка алды. “Ассошейтед пресс” кабар агенттигинин маалыматына караганда, митингчилерге каршы чыккан 100гө жакын полиция кызматкерлери "Азатлык" блогунун борбордук аянтка бараткан 300дөй тарапкерин чокморлор менен койгулап, жолун торошту. Митингчилер 6-ноябрда белгиленген парламенттик шайлоонун ачык жана адилет өтүүсүн талап кылууга ниеттешикен. Бул кубалап таркатылган алгачкы митинг эмес. Азербайжан бийликтери Бакынын борборунда митинг өткөрүүгө тыйуу салышты.

XS
SM
MD
LG