Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Лех Качински Польшанын жаңы президенти болуп шайланды


Варшава шаарынын мэри, консервативдүү саясатчы Лех Качински президенттик шайлоодо жеңип чыккканы жарыя кылынды. Борборшайлоокомдун маалымдашынча, 90 процент добуштар эсептелип чыккандан кийин Качински атаандашы Доналд Тускка караганда 10 процент көп добуш алганы аныкталды. Туск жеңилгенин мойнуна алды. Президенттик кайра шайлоонун толук жыйынтыгы бүгүн чыгарылат. Качински кечээ берген интервьюда буларды билдирди:


- Мен эгер (президент) шайлансам, эң алды бир-эки күн эс алам. Ант бергенден кийин кабинеттин башчысын дайындайм. Мен парламентке сунуш кылчу бир нече мыйзам долбоору бар. Бизден өзгөчө мамилени талап кылган айрым өлкөлөргө тезинен визит да жасаш керек болот.

Качинский андай мамлекеттердин катарында Кошмо Штаттарын, Ватиканды жана Украинаны атады.

XS
SM
MD
LG