Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 25-октябрда күндүз Чүй, Талас, Жалалабат облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми калган облустарда жамгыр жаап, тоолуу аймактарда карга айланышы күтүлөт. Тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу, күндүз +11...+16 градус. Талас, Ысыккөл дубандарында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу болот. Күндүз +9...+14 градус. Баткен, Жалалабат, Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18 градус жылуу. Нарын жергесинде түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +8...+13 градус.

Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +13...+15 градус жылуу болот.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG