Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

БУУга 60 жыл


БИШКЕК. 24-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Бириккен Улуттар Уюумунун уюушулгандыгынын күнү салтанаттуу белгиленди. Ага Кыргызстандагы элчиликтердин, кыргыз бийлигинин өкүлдөрү катышты. 1945-жылы 26-июнда Сан-Франсиско шаарында 50 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан конференцияда Бириккен Улуттар Уюумунун уставы кабыл алынып, ал устав 24-октябрда күчүнө кирген. 1948-жылдан бери бул күн БУУнун күнү катары салтанаттуу белгиленип келүүдө. Учурда БУУга 189 мамлекет мүчө. Ал эми Кыргызстан 1992-жылы БУУга мүчө болуп кирген. Бир жыл өткөндөн кийин Бишкекте аталган уюмдун туруктуу өкүлчүлүгү ачылып, 12 жыл аралыгында өнүктүрүү программасынын алкагында бир катар долбоорлор ишке ашырылууда.

XS
SM
MD
LG