Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Рысбек Акматбаев: Кулов кетпесе парламенттин тарашы талап кылынат


БИШКЕК. Премьер министр Феликс Кулов кызматынан кетпесе, Жогорку Кеңешти таратуу талабы коюларын маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин агасы Рысбек билдирди. Рысбек Акматбаевге киши өлтүрүү фактысы боюнча башкы прокуратура тарабынан кылмыш козголуп, иши сотко өткөн. Ага полковник Чыныбек Алиевди өлтүрдү деген айып тагылып жаткандыгын, сот 28-октябрга белгиленгендигин нааразылык акциясынын учурунда ал журналисттерге берген интервьюсунда билдирди. Ошондой эле Рысбек Акматбаев Жогорку Кеңештин алдында уюштурулуп жаткан акциянын сот иши менен байланышы жок деп билдирди. Буга чейин коомчулукта нааразылык акциясын сот иши менен байланыштырган маалымат тараган.

XS
SM
MD
LG