Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Ошто Феликс Куловдун, Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетишин талап кылышты


ОШ. Митингге чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөн адамдар өлкөдөгү коомдук саясий кырдаалга баа берүү менен абалдын курчуп жатышына өкмөт башчысы Куловду жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевди айыптап сүйлөштү. Сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү депутат Акматбаевдин атып өлтүрүлүшүндө саясий боек бар деген пикирлерин билдирүү менен буюртма менен саясий мүнөздөгү адам өлтүрүүлөрдүн башында турган кылмыштуу топту табууну талап кылышты. Митингдин катышуучуларынын лидерлеринин бири Дамир Абдиев Куловго жана Текебаевге каршы нааразылык акциясына чыгышкан адамдар аталган бийлик адамдарын эл алдына чыгышып, өздөрүнүн абийирлеринин таза экендигин далилдеп берүүсүн талап кылыша тургандыгын билдирди. Ош облустук акимчилигинин алдына бозүй тиге баштаган нааразылык акциясынын катышуучулары коюлган талаптар аткарылмайынча таркабай тургандыктарын жарыялашты. Ал эми жумушчу сапар менен Ошто жүргөн “Ар-намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова Оштогу нааразылык акциясы кандайдыр бир саясий күчтөрдүн буюртмасы менен жасалма түрдө уюштурулуп жатат деген билдирүү таркатты.

XS
SM
MD
LG