Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

НАТО дипломаттары Украинанын куралдуу күчтөрүн жаңылоону талкуулап жатышат


Литванын баш калаасында өтүп жаткан жыйынга Украинанын коргонуу катчысы Анатолий Гритценко да катышууда. Ачылышында НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схефер Украинанын НАТО менен камыр-жумур интеграциясы өлкөдөгү саясий жана аскерий кайра курууга жараша болот деди. АКШнын Коргонуу катчысы Дональд Рамсфелд кечээ Украина менен алакага жогору баа берген эле:

- НАТО-Украина мамилелери маанилүү алакалар болуп саналат. Литванын жана НАТОго кирген башка өлкөлөрдүн Украинадагы реформаларга жардамдашып, Киевдин НАТО менен жакындан кызматташуусуна болгон кызыгуусун Кошмо Штаттары колдойт.

Украинанын президенти өлкөнүн НАТОго жана Европа Союзуна кошулушун башкы максат деп санайт.

XS
SM
MD
LG