Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

“Бител” талашка түштү


БИШКЕК. 25-октябрда эртең менен «Бител» компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсесин Орусиянын «Спецмонтажстрой» ишканасы тарабынан ээлеп алуу аракети болду. Учурда "Бителдин" кожоюну казакстандык ФК “Альянс-Капитал” компаниясы, бирок компаниянын 100% акциясы Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган. Ага карабастан,19-октябарда юстиция министринин орун басары Эмил Орозбаев орусиялык “Спецмонтажстрой” деген фирманы "Бителдин" кожоюну катары каттаган. «Бителдин» ревизиялык комиссиясынын жетекчиси Данияр Өмүрзаковдун айтымында, учурда кимдир-бирөөлөр тарабынан «Бител» компаниянын ээлерин алмаштыруу боюнча аракеттер жасалып жатат. Ал белгилегендей, юстиция министрлигинде компания мыйзамсыз түрдө кайра катталган. Ал эми юстиция министринин мурдагы орун басары Эмил Орозбаевдин маалыматы боюнча «Бител» компаниясын кайра катоо мыйзам чегинде болгон.

XS
SM
MD
LG