Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Нарында да нааразылык


НАРЫН. 25-октябрда “Ар-намыс” саясий партиясынын жактоочулары Нарын шаарында да пикет өткөрүштү. Алар “Кыргыз эли Куловго ишенет”, “Эл менен бийликтин ортосуна от жаккандар оңбосун”, “Феликс, ак ийилет, сынбайт” деген жазуулар менен борбордук “Эркиндик” аянтына чыгышты. Негизинен жыйырмага жакын адам топтолгон бул пикеттин катышуучулары кылмыш дүйнөсүн башкарган адамдарды жазалоо, атүгүл сталиндик тартип орнотуу менен өлкөдө тынчтык жана бейпилдикти сактоо зарылчылыгын белгилешти. Пикетчилер менен губернатор орунбасары Калмур Ормушев, Нарын шаар акими Бейшеналы Боогачиев жолугушушту. Шаар мэринин айтымында мындай пикетти өткөрүүгө эч кандай уруксат алынган эмес.

XS
SM
MD
LG