Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Жалалабатта да пикет болду


ЖАЛАЛАБАТ. Нааразылык акциясын « Эркиндик» партиясынын обулустук бөлүмү уюштурду. Пикетчилер «Элдин тынчтыгын бузуп жаткан Феликс Кулов отставкага кет!”, “Эки жүздүү ӨмүрбекТекебаев парламент менен кошо кет!”, “Ууру-бузукуларга эл арасында орун жок» деген плакаттарды кармап турушту. Алар өкмөт башчы Феликс Кулов менен Жогорку Кеңештин төрагасы ӨмүрбекТекебаевдин кызматтан кетүүсүн жана парламенттин таркатылышын талап кылып, аянтта улам-улам кыйкырып жатышты. Пикет эки саатка созулду. Партиянын облустагы төрагасы Мойдун Мамажанов нааразылык акциясы мындан ары район-шаарларда улантыларын жана пикеттин талабын аткаруу өтүнүчү менен президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жиберилерин билдирди. Акцияга отуз адам катышты. Пикетчилер менен баарлашкан облустук бийликтин бөлүм башчысы Кадыр Бечеловдун пикири боюнча, элдин парламентке нааразы болгону туура, анткени, март ыңкылабынын бир максаты – парламентти таркатуу болчу. Бирок жаңы өкмөткө иштөөгө мүмкүндүк берүү керек. Феликс Куловду кызматтан кетирүү талабына негиз жок. Нааразылык акциясын коомдук тартип сакчылары жана ары-бери өткөн адамдар байкап турушту.

XS
SM
MD
LG