БИШКЕК. Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды бийлик нааразылык чарага чыккандар менен сүйлөшүүлөр аркылуу турукташтырууга аракет жасайт. Бул тууралуу 25-октябрда парламенттин жыйынында өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов маалымдады. Анын айтымында, өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык күчтөр жана каражаттар бар, бирок күч колдонуу башка чара калбай калганда гана колдонулат.