Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Айрым абактардагы абал дале турукташа элек


БИШКЕК. Кыргызстандагы №31, 3, жана 27-түзотүү колонияларында абал дале турукташа элек. Башкача айтканда, кызматкерлер азырга дейре абактын ичине кирише элек. Бул тууралуу 25-октябрда юстиция министри Марат Кайыпов парламентте билдирди. Министрдин айтымында, учурда бул колониялардын кызматкерлери өмүрүнө коркунуч туулуп жатышканын, айтышып, эмгек акыны көбөйтүү, көйгөйлүү маселелерди чечүү сыяктуу талаптарын коюуда. Министрге айрым депутаттар кээ бир кылмышкерлер түрмөнүн ичине өздөрүнө өзгөчө шарт түзүп алганы чынбы деген суроолорду беришип, кургак учук оорусу үчүн делген 31-колонияга дени сак Батукаев, Абдулин сыяктуу кылмыш дүйносүнүн төбөлдөрү кантип кирип калганына кызыгышты. Марат Кайыпов чын эле учурда өздөрүнө өзгөчө шарт түзүп алган кылмышкерлер жок эместигин, аталган адамдар 31-колонияга кантип кирип калганы иликтенип жатканын айтты. Бул колониянын кызматкерлери учурда Батукаев баштаган 25тей кылмыш төбөлдөрүн башка жакка көчүрүүнү да талап кылып жатканы жыйында маалым болду.

Ал эми Новопокровкадагы №3-түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткан Жумабек Мамажанов абактагы абал тууралуу “Азаттыкка” шейшембиде телефон аркылуу буларды билдирди.

- Абал оор, ошол тополондон бери бир дагы жакындарыбыз менен жолугушуу боло элек. Алар сыртта күтүп турушат. Дары-дармек жок, дарыгерлер жок. Мына азыр тогуз киши өлүм алдында жатат.

Юстиция министринин маалыматына караганда, учурда Кыргызстандын түрмөлөрүндө жалпысынан 16 миңдей адам кармалууда.

XS
SM
MD
LG