Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:46

Жогорку Кеңеш өкмөт башчынын отставкасы тууралуу маселени караган жок


БИШКЕК. Өкмөт башчы Феликс Куловду кызматтан кетирүү маселесин кароого учурда эч кандай юридикалык негиз жок жана бул маселени бир гана президент чечет. Мындай пикирин Жогорку Кенештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 25-октябрдагы парламент жыйынында бир канча күндөн бери парламент имаратынын алдында Феликс Куловдун отставкасын талап кылып турган адамдардын кайрылуу катына жооп иретинде айтты:

- Биздин регламентте кайсы учурда өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөй, президентке кайрылаарыбыз так көрсөтүлгөн. Ага ылайык, биз жылына бир гана жолу, өкмөт башчы отчет берген учурда татыктуу деп таппасак, өкмөт курамына ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, преpидентке кат жолдойбуз. Премьер-министрди кое турган дагы, ала турган дагы, бул – президент. Биздин сунушубузду президент укпай коюшу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG