Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Парламент комиссия түздү


БИШКЕК. 25-октябрдагы парламент жыйынында депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланышкан кырдаалды талкуулоо токтотулуп, бул окуя боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Буга депутатты өлүмгө алып келген жагдайларды тыкыр иликтөө зарылдыгы тууралуу айрым депутаттардын сунушу себеп болду. Комиссия курамына мурда күч органдарында иштеген жети депутат кирип, төрагалыгына Алишер Сабиров бекитилди. Комиссияга 15-ноябрга дейре Акматбаевди өлүмгө алып келген жагдайды кылдат иликтөө тапшырылды. Ошондой эле Акматбаев кызматтык милдетин аткарып жүрүп, курман болгон алгачкы депутат экени айтылып, анын артында калган үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо багыттары тууралуу сунуштарды киргизүү белгиленди.

XS
SM
MD
LG