БИШКЕК. 25-октябрда Жогорку Кеңеш депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаалды талкуулады. Депутаттарга бул күнү юстиция министри Марат Кайыпов, баш прокурор милдетин аткаруучу Камбараалы Конгантиев, ички иштер министри Мурат Суталинов жана Копсуздук кенешинин катчысы Мирослав Ниязов өлкөдөгү акыркы кырдаал тууралуу маалымат беришип, Тынычбек Акматбевдин өлүмүнүн себептери жана анда кийинки жагдайга байланыштуу депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Жыйында депутаттар өлкөдө кырдаал курч экенин белгилешип, жагдайды тез арада президент жана өкмөт башчы менен кошо талкуулоо чечимине келишти. “Бул жерге чакырсак келбесе, анда биз толук бойдон акүйгө барып, ошол жерде сессия өткөрөлү”, - деп сунуштады абалдын курч экенин белгилеген төрага орун басары Болот Шерниязов. Депутаттар талашып-тартышып отуруп, акыры убактысы болсо ушул эле күнү түнү менен болсо да президент менен кошо кеңешме өткөрүүнү чечишти.