Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Евробиримдик жапайы куштарды ташып келүүнү тыйды


Европа Биримдиги канаттуулардын сасык тумоосуна каршы күрөштүн алкагында тирүү жапайы куштарды сырт өлкөлөрдөн алып келүүгө ноябрдын аягына чейин тыйуу салды. Бул чара өткөн жумада Түштүк Америкадан алып келинген тотукуш Британияда карантинде өлгөнгө байланыштуу кабыл алынды. Тотукуш адам өмүрүнө коркунучтуу H5N1 вирусунан өлгөнү аныкталган. Ылаң адеп катталган 2003-жылдан бери Азияда 60тан ашык адамдын өмүрүн алды. Кытайда куштардын сасык тумоосунун жаңы очогу табылганы маалымдалды. Индонезияда бул ылаңдан төртүнчү адам каза тапканын ырасмий бийликтер ырасташты. Румыния, Түркия жана Россияда да коркучутуу ылаң табылган.

XS
SM
MD
LG