Ооганстанда кечээ күнү кечинде америкалык аскерий күзөткө кол салынгандан алты карапайым адам курман болду. Согушкерлер аскерлерге каршы ракета аткан, бирок ал жакшы мээленбегендиктен башка жерге тийген. Өлкөдөгү кагылышуулардан үстүбүздөгү жылы 1100 адам курман болду, алардын ичинде 50 америкалык аскер бар, бирок өлгөндөр көпчүлүгү - карапайым адамдар.