Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

Азербайжан оппозициясы каршылык аракеттерин өткөрүүдөн баш тартууда


Азербайжандын оппозициялык күчтөрү бийликке каршы митинг-демонстрация өткөрүүдөн баш тартууга киришти. "Азадлыг" деген оппозициялык блок 30-октябрда Бакы шаарында ири митинг уюштурууга даярданып жаткан, бирок блокко кирген Элдик майдандын жетекчиси Али Керимли бүгүн билдиргенге караганда, ал болбой калышы мүмкүн. Анын айтымында, митингдин ордуна 4-ноябрда борбордук аянтта концерт уюштурулат. Парламенттик шайлоо 6-ноябрга белгиленген. 23-октябрда болсо полиция Бакыда өткөрүлгөн митингди күч менен таркатты.

XS
SM
MD
LG