Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Ирактын конституциясы референдумда жактырылды


15-октябрда Иракта өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыктары бүгүн жарыяланды жана элдик добушка коюлган өлкө конституциясынын долбоорун добуш бергендердин 78 пайызы жактырды. Мыйзам боюнча, эгер 18 провинциянын үчүндө конституцияга каршы добуш берилсе, ал кабыл алынмак эмес, бирок ал үчүн провинцияда катталган шайлоочулардын үчтөн экиси долбоорду жактырбай коюш керек болчу. Буга чейин долбоор Анбар жана Салахуддин деген эки провинцияда четке кагылган, суннилер басымдуулук кылган Ниневе деген провинциядагы добуштар болсо бүгүн гана саналып бүттү жана алар дагы долбоорду жактырды. Бүгүн өлкөдө дагы эки америкалык солдат курман болуп, Иракта өлгөн АКШлык аскерлердин саны 1999га жетти.

XS
SM
MD
LG